Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Өзү эмне айтканын түшүнгөн жок". Депутаттар РСК банктын төрагасын сынга алды

13.04.2023 10:57
287
"Өзү эмне айтканын түшүнгөн жок". Депутаттар РСК банктын төрагасын сынга алды

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар РСК банктын жеңилдетилген насыя бериши тууралуу маалымат берген башкы директору Уланбек Ногаевди сынга алды.


Депутат Улукбек Ормонов Министрлер кабинетинин өкүлдөрү түштөн кийинкиге чейин жакшылап даярданып келишин талап кылды.


Ал эми депутат Русланбек Жакышов: "Килейген банктын төрагасы өзү эмне айтып жатканын өзү түшүнгөн жок. Даярданып келиш керек эле да",- деди.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев банктын төрагасы сүрдөп кеткен болушу мүмкүн экенин айтып, жыйынды улантууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн