Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өсүмдүк майынын литри 5 сомго кымбаттады

10.03.2022 19:28
554
Өсүмдүк майынын литри 5 сомго кымбаттады

Кыргызстанда 10 күндө өсүмдүк майы 3% кымбаттады.  Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кенешбай Тайлаков билдирди.

 

"Өсүмдүк майында 10 күндүн бери өзгөрүү бар, 3 пайызга чейин өсүү бар. Башкача айтканда, мурда орточо баа 150 сом болсо, азыр 155 сом болду. Эгер бир айда баа 20 пайызга өсүп кетсе жөнгө салуу кирет. Салыштырмалуу айта турган болсок, бизде орточо баасы 155 сом, Казакстанда 170 сом, Россияда 120 сом, Беларуста 155 сом, Арменияда 215 сом, Тажикстанда 250 сом, Өзбекстанда 220 сом болуп жатат",- деди ал.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеште өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык абал талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн