Өлкө ичинде бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн сутка ичинде республиканын аймагында 21 кырсык катталып, анын ичинен 12 өрт кырсыгы, жана 5 куткаруу иштери болду. Бир адамдын жансыз денеси суудан чыгарылды, 1 адам изделди, 2 жол кырсыгы. Ошондой эле өлкөдө 4 сел кырсыгы катталды. Кырсык катталган жерлерге КР ӨКМден жалпы 18 техника тартылган.
Мындан сырткары,гидрометеорологиялык абал боюнча шашылыш билдирүү бар: 6-8-август күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн