Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Өткөн суткада 20 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 33 медик айыкты

03.08.2020 11:41
888
Өткөн суткада 20 ак халатчандан коронавирус аныкталып, 33 медик айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 3-августагы брифингде билдирди.


Жаңы учурлар: 


- Ош шаары. – 4

- Жалал-Абад облусунда – 3

 - Ысык-Көл облусунда – 5.

- Баткен облусунда – 7

- Нарын облусунда – 1


Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 33 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2829 учур катталды, алардын ичинен 1853 медкызматкер айыкты. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн