Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
• Ош шаарында – 1;
• Чүй облусунда – 10;
• Ош облусунда – 1;
• Жалал-Абад облусунда – 6;
• Ысык-Көл облусунда – 14
• Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 68 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2711 учур катталды, алардын ичинен 1595 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн