Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
• Чүй облусунда – 3
• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 7
• Баткен облусунда – 4
• Нарын облусунда – 1
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 84 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн