Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 4-августтагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 2
- Ош шаарында – 8
- Ош облусунда – 3
- Жалал-Абад облусунда – 4
- Ысык-Көл облусунда – 5
- Чүй облусунда – 3
Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 36 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2854 учур катталды, алардын ичинен 1894 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн