Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек ш. – 5
• Чүй облусунда – 6
• Ош ш. – 4
• Ош облусунда – 6
• Талас облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 2
• Баткен облусунда – 3
Ал эми бир суткада 19 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 60 медициналык кызматкер айыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2661 учур катталды, алардын ичинен 1384 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн