Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-августтагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек шаарында – 1;
• Ош шаарында – 1;
• Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 8 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3038 учур катталды, алардын ичинен 2352 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн