Бир сутка ичинде өлкө боюнча 53 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек ш. – 9;
• Чүй облусунда – 5;
• Ош ш. – 8;
• Ош облусунда – 16;
• Жалал-Абад облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 11;
• Ысык-Көл облусунда – 2;
• Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2633 учур катталды, алардын ичинен 1305 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн