Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 2
- Ош шаарында - 3
- Ош облусунда - 1
Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 17 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3214 учур катталды, алардын ичинен 2896 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн