Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 07:41
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Өткөн суткада өлкөдө 8 дарыгер коронавируска кабылып, 34 медик айыгып чыкты

11.08.2020 11:24
1065
Өткөн суткада өлкөдө 8 дарыгер коронавируска кабылып, 34 медик айыгып чыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 11-августтагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


-  Бишкек шаарында – 1


- Ош шаарында – 1


- Ош облусунда – 2


- Чүй облусунда – 4


Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 26 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2967 учур катталды, алардын ичинен 2212 медкызматкер айыгып чыкты. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн