Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өткөн жылы кыргызстандыктардын кирешеси 5 пайызга төмөндөгөн

17.02.2021 10:40
500
Өткөн жылы кыргызстандыктардын кирешеси 5 пайызга төмөндөгөн

2020-жылдын тогуз айында калктын реалдуу акчалай кирешеси беш пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялады.


"Былтыркы жылдын январь-сентябрында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү айына 313 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда беш пайызга төмөндөдү", — деп айтылат билдирүүдө.


Калктын акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 69,4 пайызын эл маяна катары алган.

Мындан тышкары, кыргызстандыктар социалдык трансферттерден, жеке көмөкчү чарбалардан жана башка булактардан киреше табышат. Бирок алардын көрсөткүчү өтө эле төмөн.

Ошол эле тогуз ай ичинде өлкөдөн 353,4 миллион доллар сыртка чыгып кеткен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн