Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өз алдынча дарылануу кейиштүү көрүнүшкө алып келиши мүмкүн, - министр

29.06.2020 15:26
1314
Өз алдынча дарылануу кейиштүү көрүнүшкө алып келиши мүмкүн, - министр


Мобилдик бригадалар менен "Тез жардам" кызматы ар бир чакырууга барганга үлгүрбөйт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 29-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, өлкөдө эпидемиялогиялык абал курч. Мындан улам, мобилдик топ менен “Тез жардам” кызматы тургундарды тейлегенге жетишпей жатат.

 

"Үйдө мобилдик бригаданы же "Тез жардам" күтүп убакытты өткөрбөй жашаган жериңиздерге жакын жайгашкан медициналык пункттарга кайрылып, сунуштама алыңыздар. Дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, ооруканага жаткыруу муктаждыгы болсо анда ооруканаларга жөнөтүшөт. Ал эми оору жеңил формада болуп, бейтаптын абалы кооптуу эмес болсо ага үйдө дарылоо жолдорун түшүндүрүү менен үйлөрүнө жөнөтүшөт. Алар дарыгерлер менен байланшта болуп турушат. Өз алдынча дарылануу кесепеттүү көрүнүшкө алып келиши мүмкүн", - деди Абдикаримов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн