Өз ыктыяры менен коронавирус менен каршы күрөшүп жаткан ооруканалардын очогуна барууну каалаган медиктер бар, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 9-апрелде онлайн брифингде.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкерлери, кафедра жетекчилери өз каалоолору менен уюшуп жатышат. Ошондой эле, өз ыктыяры менен уюшкан медициналык кызматкерлердин тобунан турган ыкчам топ Жалал-Абад облусуна, Ош облусуна жана Ала-Бука районуна жөнөтүлдү.
Мындан тышкары түндүк тараптагы ооруканаларга бул оору менен каршы күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган медицина кызматкерлеринин тобу даярдалып жатат, деди Каратаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн