Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өз келечегибизди сатыппыз, эми уул-кыздарыбыздын келечегин сатпайлы!

30.09.2020 11:22
1110
Өз келечегибизди сатыппыз, эми уул-кыздарыбыздын келечегин сатпайлы!


Добуш берүү күнүнө болгону төрт күн убакыт калды. 3-октябрга чейин кулагыбызга дагы толтура жагымдуу убадалар угулат. Талапкерлердин ооздорунан «жалын чачып» сүйлөгөндөрүн угабыз. Алардын кандай убадаларды берерин, кандай жагымдуу сөздөрдү айтышаарын алдын-ала эле билип турабыз. Бирок, уга беребиз. Кулагыбыз менен угуп шайлап, тилибиз менен ашатып жашаганды адатка айланттык. 


29 жылдан бери шайлоолордун алдында «Айлык акыны, пенсия, жөлөк пулдарды эки эсе көтөрөбүз», «Жеңилдетилген 5%дык кредит беребиз», «Коррупцияны жоебуз», «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетебиз», «Жол салып беребиз», «Мектептерди, ооруканаларды курабыз», «Өнүккөн өлкөгө айлантабыз», «Элдин жашоосун оңдойбуз» деген өңдүү убадалар жамгырдай жаайт. Ишенгиң келет. Өтө көп жолу ишендик. Ошентип ишенип отуруп өзүбүздүн келечегибизди сатып жиберген экенбиз. Убадаларга жана 1000-2000 сом акчага. Эгемендиктин алгачкы жылдарында бир мүшөк ун, же бир литр спиртке да алданганбыз. 


Жогорудагы убадалардын баары чейрек кылымдан бери кайталанып келатат. Ошол убадаларды айтып жаткан талапкерлер да, аны угуп жаткан шайлоочулар да алдамчылык болуп жатканын түшүнөт. Бирок, «Мен алдай берейин, сен ишенимиш болуп кой» деген позицияны талапкер кармап олуттуу көрүнсө, шайлоочу да «сен алдай бер, мен ишенгендей болуп турайын» деген позицияда болуп келди. 


Ошентип отуруп 29 жылдын ичинде 1000-2000 сомдон добуш сатып алып депутат болуп келгендер олигархтарга айланды. Ал эми шайлоочулар дагы деле ошол 1000-2000 сомду беш жыл күтүп жашаган абалында. Мамлекетибиз таланып-тонолуп бүттү. Мамлекетти ойлогон чыныгы патриоттордун жоктугунан ата-бабаларыбыз кан-жанын берип коргоп келген кыргыздын жерлери четинен кертилип бир тобу сатылды. Мамлекетибиз жарды, чиновниктерибиз олигарх. Өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары арты 20-30 миң долларлык, алды 100-150 миң долларлык автоунаалар менен жүрөт. Ал эми «Тез жардам» унааларынын кейпи мышык ыйлаарлык. Ошол эле дупатат, министрлер хансарайларда, элиталык батирлерде жашайт, ал эми ооруканалардын, мектептердин абалдарын көрүп жүрөк ооруйт. Мамлекеттин калкынын саламаттыгы үчүн камкордук көрө турган медицина кызматкерлеринин, билим берген мугалимдердин айлык акылары өп-чап жашоого гана жетиштүү. Ал эми депутаттардын айлык акылары 40 миң сомдон 100 миң сомго чейин жетет. Бир жылда бир жолу алуучу отпускнойлору 200-300 миң сом. Мамлекеттин бюджетинин эсебинен бензин куят, мобилдик телефондору үчүн бирдик салынат, айтор баскан-тургандарына кеткен чыгымдардын баарын алат. Мугалимдер, дарыгерлер 10-15 миң сомдук айлык акыларын бир айга жеткирип жашоого аргасыз. Ошол эле айлык акылары азык-түлүккө да, кийим-кечеге да, коммуналдык кызмат акыларына да, жол киресине да жетиши керек. Анан кантип мугалимдин, дарыгердин жашоосу жетиштүү болот? Кантип коррупция менен күрөш жүрөт? 


Азыр шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын ичинде 29 жылдан бери саясаттан кетпей келаткандар да, жаңы кошулгандар да, кошулганына 5-6 жыл болгондор да бар. Карт саясатчылар менен саясатка келгенине 5-6 жыл болгондордун жашоолорун карап көрүңүз: бай-манаптын жашоосу. Беш эле жыл депутат болуп отуруп, манчыркай тургандай жашоого жетип алгандары бар. Бирок, мамлекетибиз дагы деле жарды. Ошондо алар мамлекет үчүн иштешкенби, же мамлекетти өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеткенби? Жообу түшүнүктүү болсо керек. 


Ырас, чындыкты айтуу керек, азыр деле 4-октябрга карата шайлоодо тандоо мүмкүнчүлүгүбүз кеңири эмес. Көбүнчөсү окшоштор. Партияларынын гана аталыштары ар башка болгону болбосо, баары эле бизнесин коргоону көздөп бараткандар жана айрым олигархтардын куралына айлангандардан куралды. Арасында кыргыздын жерлерин сатып жибергендер да бар. 


Албетте, үмүттү таптакыр үзүүгө болбойт. Араларында идиректүүлөр, салыштырмалуу таза иштеп беришет деп ишеним артууга боло тургандары бар. Бирок, аз. Андыктан 4-октябрда добуш бере турган күнү 1000-2000-5000 сом бергендерди эмес, үмүттүн шооласын жага ала тургандарга добуш берели. Өз келечегибизди сатып жиберген экенбиз. Эми уул-кыздарыбыздын келечегин сатпайлы!


Канатбек АСКАРОВ


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн