Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эркек киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, Лебединовка айылынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү көпүрөгө болжол менен 30-35 жаштагы эркек киши (аты-жөнү такталууда) чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Ал адам мас абалында болгону айтылат.
Жеринде 4 куткаруучу эркек адамды жерге түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн