Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбек премьери Фергананын акимине ыраазычылык билдирди

05.06.2020 12:56
1116
Өзбек премьери Фергананын акимине ыраазычылык билдирди

3-июнда Фергана облусуна караштуу Сох райондук эл депутаттар кеңешинин кезексиз сессиясына катышкан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында орун алган жаңжалдын күчөп кетишине жол бербегендиги үчүн облус акими Шухрат Ганиевге ыраазычылык билдирди деп айтылат “Озодлик” радиосунун маалыматында.

“Бир нече күн мурда чек арада орун алган жаңжал баарыбыз үчүн жагымсыз окуя болуп калды жана ал бизди көп нерселерге башкача көз караш менен мамиле жасоого мажбур кылды. Президенттин түз көрсөтмөсү боюнча кырдаалды иликтөө үчүн өзүм башында турган тиешелүү мекемелердин жетекчилери бул жакка келдик. Кырдаалдын курчуп кетишине биринчи кезекте Фергана облусунун хокими Шухрат Ганиев жана башка жетекчилер жол беишкен жок. Тынчтыкты баалоо – бул зор бакыт”, - деп айтты Абдулла Арипов.

Эске салсак, сөз болуп жаткан окуя 31-майда Кыргызстан менен Сох анклавынын чегинде болуп, өзбектердин Чашма, кыргыздардын Чечме айылдарынын тургундары суу башаты кимдики деген талаштан улам жаңжалдашып, акырында эки тарап бири-бирин таш бараңга алышкан.

Сох районунун тургундары бул окуянын орун алышына жергиликтүү жетекчилерди, айрыкча Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевди айыпташкан. Буга чейин социалдык тармактардын өзбек сегментинде райондун жашоочулары Шухрат Ганиевди жана райондун жетекчисин таш менен уруп кубалаган видеоролик пайда болгон. Сох анклавынын жашоочулары А.Арипов менен жолугушуу учурунда Фергана облусунун ишенимден кеткен жетекчилерин кызматтан алууну талап кылышкан. Сохтун жашоочулары райондук депутаттардын сессиясында Ш.Ганиевге каршы чара көрүлөт деп үмүт кылышкан эле. Сессияга биз да катышсак деп келген элди Улуттук гвардиянын солдаттары кууп таратып, бийлик сессиянын жүрүшүндө Сох районунун башчылыгына өз адамын – райондук ИИБнын начальниги 50 жаштагы Саидбахром Саидмусаевди дайындады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн