Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзбек президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

21.03.2022 10:02
443
Өзбек президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.


«Түбөлүк баалуулуктарыбызды жана жалпы тарыхыбызды камтыган бул байыркы майрам эки бир тууган элдин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат.


Акыркы жылдары биздин ортобузда калыптанып калган достук мамилелерди жогору баалайм жана биздин алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыз көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө кызмат кыларын өзгөчө баса белгилегим келет.


Өз ара урматтоо жана колдоо принциптерине негизделген биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.


Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана ар дайым өсүп өнүгүү каалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн