Өзбекстан 4 миллион калкын коронавируска каршы акысыз эмдейт. Бул тууралуу Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматы билдирди.
Төмөнкү жарандар акысыз эмделе алат:
Улгайган адамдар (65 жаштан 74 жашка чейин) - 1 085 797 адам;
Карылар (75 жаштан 84 жашка чейин) - 388 686 адам;
Карыялар (85 жаштан) - 139 280 адам;
Медициналык мекемелердин кызматкерлери - 447 976 адам;
Өнөкөт оорулары бар адамдар - 888 190 адам;
Орто мектептин мугалимдери - 689 383 адам;
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери - 223 426 адам;
Укук коргоо жана аскер өкүлдөрү - 180 000 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн