Өзбекстандык окумуштуулар коронавирусту аныктай турган өздөрүнүн тест-системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги ЖМКларга билдирген.
Маалыматка ылайык, бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен.
26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти. Алардын ичинен 15инин өпкөсү сезгенген, төртөөнүн абалы оор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн