Өзбекстандын бийлиги Сох анклавына жардам кербенин жиберди. Ферганадан чыккан оор жүк ташуучу унааларга тамак-аш, кийим-кече, курулуш материалдары, күндөлүк турмушка керектелүүчү башка өтө чоң көлөмдөгү буюмдар жүктөлгөн. Бул тууралуу Фергана облусунун бийлиги маалымдады.
Жардамдын катарында 16 трансформатор,
80 даана темир карагай, 70 чакырымдан ашык электр зымдары да бар. Ошондой эле
11 атайын унаага суюлтулган газ баллондор, 600 млн сумдан ашык суммага 20
түрдүү спортту өнүктүрүүгө керектелүүчү каражаттар жиберилген.
Пикирлер (1)