Бугу 22, 2024
Убакыт: 07:58
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Өзбекстан президенти кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

09.05.2022 12:15
1225
Өзбекстан президенти кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат саясат бөлүмү билдирди.


“9-май – биздин элдерибиздин жеңилгис эрдигин жана кайраттуулугун, тынчтык жана эркиндик үчүн кайраттуу күрөшүн, өз ара тилектештикти символдоштурган ыйык майрамдын күнү. Бул майрамдарда биз согуш талаасында жанаша баатырларча салгылашкан ардагерлерибизди жана тылда жан аябаган аталарыбызды, чоң аталарыбызды терең урматтоо менен эскерип, аларга чексиз урмат-сыйыбызды билдиребиз. Биздин жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана жетишилген бардык макулдашууларды толук ишке ашыруунун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тыгыз достуктун жана ынак коңшулаштыктын негизинде түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем”, - деп айтылат Өзбекстандын Презилентинин куттуктоосунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн