Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Өзбекстанда киши өлтүрүүгө шектүү жаран беш жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөн

12.11.2021 09:13
425
Өзбекстанда  киши өлтүрүүгө шектүү жаран беш жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөн

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан Республикасынын жараны 1983-жылы туулган Х.С.ны кармашты. Ал миграция жөнүндөгү мыйзамды бузуп 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө атайын киши өлтүрүүгө шектелген жаран Х.С. 2016-жылдан бери Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон.


Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн