Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр узартылды

27.07.2020 11:28
757
Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр узартылды


Өзбекстандын бийлиги COVID-19 инфекциясынын жайылышынан улам карантиндик чектөөлөрдү 15-августка чейин узартты. Бул тууралуу атайын республикалык комиссиясынын чечими чыкканын жергиликтүү басылмалар жазды. 


Маалыматка караганда, мамлекеттик жана уюмдардын кызматкерлеринин бардыгы аралыктан иштөөгө өтүүсү жана жолугушууларды онлайн режимде өткөрүүсү шарт.


Жарандарга үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарды, иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. 65 жаштан ашкан жарандарга обочолонуу режимин сактоо жана үйдөн чыкпоо сунушталат.


Ошондой эле коомдук жайларда, көчөлөрдө, аянттарда үчтөн ашык кишиден чогулуга болбойт. Аралыкты сактоо жана медициналык бет каптарды тагынуу зарыл. 


Өзбекстанда COVID-19 инфекциясынын биринчи учуру 15-мартта аныкталган. Учурда коронавирус жуккан адамдардын саны 20 266га жетип, 112 бейтап каза болду. Ал эми 10 831 адам оорудан айыгып чыкты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн