Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Өзбекстанда кылмыш жасаган кытай жараны Ошто жашынып жүргөн

Өзбекстанда кылмыш жасаган кытай жараны Ошто жашынып жүргөн

Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 26-январь күнү жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган.


Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн.  Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери  боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн