Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстанда оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалды

Өзбекстанда оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалды


Өз өлкөсүндө оор кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалыматында жазылат.

Ага ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына коңшу өлкөнүн ИИМи Өзбекстандын оор кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Б.И. тууралуу маалымат түшкөн. Анда коңшу өлкөнүн ички иштер органдары оор кылмыштарды жасаганы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Кармалган адамды өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып жатат.
https://www.super.kg/kabar/news/410707/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн