Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк жаран Чүй облусунан кармалды

14.09.2022 17:11
643
Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк жаран Чүй облусунан кармалды

Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган чет өлкөлүк жаран Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынан тургуну, Австралиянын жараны 1974-жылы туулган Б.З. аттууну кармашкан. 


Аталган жаран 2005-жылы Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыктарынын бири тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү», «адам өлтүрүү», «диверсия» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөгө алынган. 


Мындан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору тарабынан террористтик ишмердүүлүктү колдогон адамдардын тизмесине жогорудагы издөөдө жүргөн жаран дагы киргизилген. 


Аталган жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунан кармалган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн