24-октябрда Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, УзЛиДеП партиясынын талапкери, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев 80,1% добуш менен шайлоодо жеңип чыкты.
Ошондой эле, Элдик демократиялык партиянын талапкери Максуда Ворисова 6,6%, "Улуттук кайра жаралуу" партиясынын талапкери Алишер Кадыров 5,5%, Экологиялык партиянын талапкери Нарзулло Обломуродов 4,1% жана "Адилеттүүлүк" партиясынан талапкер Бахром Абдухалимов 3,4% добуш алган.
Шайлоодо шайлоочулардын саны 16 миллион 212 миң 343 адам же 80,4% түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн