Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өзбекстандан 5 миң тоннадай селитра алынып келинди

18.04.2022 10:55
565
Өзбекстандан 5 миң тоннадай селитра алынып келинди

Кыргызстанга Өзбекстандан 4 миң 977 тонна аммиак селитрасы ташып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аммиак селитрасы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, республиканын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыздоо жана стратегиялык корду түзүү максатында алып келинди.


Анын ичинен Баткен облусуна - 378 тонна, Жалал-Абад облусуна - 819 тонна, Ош облусуна - 819 тонна, Ысык-Көл облусуна - 682 тонна, Нарын облусуна - 200 тонна, Чүй облусуна - 1300 тонна жана Талас облусуна - 779 тонна бөлүштүрүлдү.


Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу ташылып келинген минералдык жер семирткичтерге болгон баа КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилип, республиканын баардык аймактарында 46,7 сом/кг сатылууда.


Аммиак селитрасын сатып алуу үчүн байланыш телефондору:


Ош облусу «Кара-Суу-Дан Азык» ААКу – Исраилов Алмаз Турдалиевич, тел.: 0772 53-61-93;


Жалал-Абад облусу «Азрат-Айыб» ААКу – Исматуллаев Эркин Эргешович; тел.: 0555 52-11-11;


Чүй облусу «Дан» МИ – Исмаилов Болотбек Сатыбекович, тел.: 0551 30-44-55;


Чүй облусу «Кант Дан Азык» ААКу – Казыбаев Бектур Болотович, тел.: 0555 07-55-55;


Фонддун Түндүк аймактык башкармалыгы – Кожонов Алманбет Кыргызбаевич, тел.:0559 22-59-55, 0558 01-03-70.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн