Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гумжардам аймактарга жеткирилип жатат

05.08.2020 12:02
1042
Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гумжардам аймактарга жеткирилип жатат


Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гуманитардык жардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабына аймактарга жеткирилүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. 


Маалыматка караганда, аталган гумжардам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жана Ош шаарына жеткирилет. 2020-жылдын 4-августуна карата Жалал-Абад, Баткен облустарына жалпы 1000 тонна ундун ичинен 420 тонна өлчөмүндө жүк жеткирилген.


Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды түшүрүү,  сактоо жана белгиленген жерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн