Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 23:48
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жасалма документ жасап берип жүргөн өзбекстандык студенттер кармалды

16.05.2022 17:05
1205
Жасалма документ жасап берип жүргөн өзбекстандык студенттер  кармалды

Жасалма документтерди жасап саткан деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.


      КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 379-берененин 1-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштын негизинде 2022-жылдын 11-майында козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош шаарындагы Жогорку окуу жайларда окуган студенттерге – Өзбекстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жасалма студенттик электрондук визаларын жана каттоо талондорун системалуу түрдө жасап, сатып жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны А.Ш.Р.дын кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып ага бөгөт коюлду.

 

      Ушул жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошол эле учурда Ош шаардык соту айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын карады.

   

    Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн