Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Өзбекстандык жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелүүдө

10.09.2021 14:52
1002
Өзбекстандык жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелүүдө

Өзбек жараны Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, август айынын башында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине Өзбекстан Республикасынын жараны 1986-жылы туулган Ж.О.нун мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш жана жаза кодексинин 358-беренеси ("мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


9-сентябрда "Мигрант" жана "Транзит" деген аталыштагы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Октябрь РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын оперативдүү кызматкерлери ижарага алынган батирлердин биринен Өзбекстан Республикасынын жараны Ж.О.ну кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн