Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзбекстандык жарандан 8000 долларга 7 кг баңгизат сатып алып жаткан жаран кармалды

16.09.2021 12:21
681
Өзбекстандык жарандан 8000 долларга 7 кг баңгизат сатып алып жаткан жаран кармалды

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош ОИИБи менен биргеликте мурда катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын натыйжасында 2021-жылдын 11-сентябрында болжол менен саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын жараны, мурда өз өлкөсүндө жана Кыргыз Республикасында соттолгон 1970-жылы туулган Т.О. кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кармалган жаранды текшерүү учурунда, андан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат болгон. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 1 кг 905 грамм болгон ооган түспөлүндөгү “гашиш” экендиги аныкталган.


Ошол эле күнү жаран Т.Б. саат 19:00 чамасында баңгизатты сатууну көздөп жаткан. Ушул учурда саткан баңгизаты үчүн акча каражатын алган жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган К.А. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, шымынын оң чөнтөгүнөн көзөмөлдөнгөн затты сатып алуу үчүн берилген 8000 миң АКШ доллары табылып алынган. 


 2021-жылдын 12-сентябрында түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарында жаран К.А. жашаган жерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар 5 таңгакталган зат табылган. Анын жалпы салмагы 6 кг 922 грамм ооган түспөлүндөгү "гашиш" болуп чыкты. 


 Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды. 

 

 Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн