Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Биз Сизди боордош кыргыз элинин жогорку ишенимине жана урматына ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, мекенчил жана даанышман саясатчы катары жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Кыргызстандын лидери катары Сиз көтөргөн улуттук программалар жана регионалдык мазмундагы маанилүү демилгелер натыйжалуу ишке ашырылып жатканын өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет.

Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиз тарыхый, диний жана маданий гармонияга негизделген өлкөлөрүбүздүн ортосундагы масштабдуу байланыштарды мындан ары да тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Дагы бир жолу туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктап, Сизге узун өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бейпилдик, туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.