Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, 65 миң доллар алган жарандар кармалды

Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып,  65 миң доллар алган жарандар кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 17-апрелинде болгон. Анда шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн УКМКнын жетекчилигинин ишенимдүү адамдары катары тааныштырып, УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан жакынын чыгарып берүүнү жана анын ишин кыскартып бере ала тургандыгын айтып, 65 миң доллар сурашкан. Андан соң акчаны алып качып кетишкен.


22-июнда жабырлануучу милицияга арыз жазган. Октябрь РИИБинин кызматкерлери көп өтпөй 1998-жылы жана 1997-жылы туулган эки жаранды кармашкан. Алардын баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.


Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандардан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.


Байланыш телефону: 0 (709) 414-941 жана 102.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн