Өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип мурдагы судья кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттигине Октябрь райондук милициясы билдирген.
2018-жылдын мартында Бишкек ШИИБге шаардын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2015-жылдын майында М.Э. жана А.Ч. аттуу жарандар Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батирди берүүнү убадалашкан. Бул үчүн арыз ээсинен 21 850 доллар акчасын жана 36 миң долларга бааланган «Рэндж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасын алышкан. Алар ошол бойдон качып кетишкен.
2018-жылдын августунда Жазык кодексинин 166-беренеси (эски редакция) менен кылмыш иши козголуп, бул иш 2021-жылдын майында Октябрь РИИБге берилген. РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1962-жылы туулган М.Э. шектелип кармалды.
АКИпресс агенттиги шектүү Аламүдүн райондук сотунун мурунку судьясы — Эмил Мамытов.
Учурда бул иштин башка катышуучулары изделип жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн