Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзгөчө кырдаалдар министри кызматкерлерди акчаны үнөмдүү колдонууга чакырды

23.03.2021 15:28
520
Өзгөчө кырдаалдар министри кызматкерлерди акчаны үнөмдүү колдонууга чакырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары менен аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министр Кыргызгидромет агенттигинин, Капиталдык курулуш департаментинин жана Суу ташкындардын алдын алуу агенттигинин алып барып жаткан иштерин тездетүүнү буюрду.

Мындан ары Бообек Ажикеев ӨКМ кызматкерлеринин сыртка чыгып жаткан иш сапарларын өз көзөмөлүнө аларын билдирди. "Техника өнүккөн заманда өтө маанилүү маселе болбосо иш сапарларга чыгуунун кажети жок, мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтоткула!" - деди министр.

Ошондой эле Ажикеев ӨКМдин ар бир кызматкери аттестациядан өтүүсү зарыл, бирок анын максаты кызматкерлерди иш ордунан кетирүү эмес - алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу экендигин белгилеп, андан коркуунун кереги жок экендигин дагы бир жолу эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн