Кыргызстанда учкучтарды даярдоо боюнча мекеме жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов соцтармактагы баракчасында өтүп жаткан түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө Советтер союзу учурунда тик учакты башкарганды үйрөнгөн же шериктеш өлкөлөрдөн даярдоодон өтүп келген адистер бар.
“Бүгүнкү күндө биз тик учакты башкара алган адистерди издеп, кулактандыруу бердик. Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жараны болсо дагы, бизге келип кызмат кыла алат. Айлыгы кеминде 3 миң доллар болот”, - дейт ал.
Шамырканов учурда тик учакты Коргоо министрлигинин учкучу башкарып жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн