Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тил күнү белгиленди

23.09.2021 14:38
966
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тил күнү белгиленди


КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчилиги жана өздүк курамы тарабынан 2021-жылдын 23-сентябрында “Мамлекеттик тил” күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Иш-чарага КР ӨКМнин Мамлекеттик тилди өркүндөтүү секторунун башчысы Айымкыз Айтмаматова катышып, кыргыз-тилин өркүндөтүү, тилдин коомдук-саясий турмуштагы маани маңызы, орду, тарыхы боюнча талкуу жүргүзүлдү. 


Мындан сырткары кыргыз тили боюнча ырлар көркөм окулуп, макалдар, жаңылмачтар айтылып, "Манас" эпосу боюнча маалымат берилди.
Иш-чаранын максаты эне тилибизди урматтоо, күнүмдүк жашоодо колдонуу менен биргеликте коом ичинде жашаган атуулдардын тилге болгон аң сезимин арттыруу болуп саналат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн