Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 заманбап өрт өчүрүүчү унаа берилди

25.03.2022 17:04
471
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 заманбап өрт өчүрүүчү унаа берилди

Бүгүн, 25-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында өрт өчүрүүчү унааларды тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап 58 өрт өчүрүүчү унаалуу болду.


“Өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унааларды масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө бардык унаалар алдын ала атайын сыноолордон ийгиликтүү өтүп, ӨКМнин карамагына берилди. Алар адам өмүрүн сактоого, өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн өлкө аймактарындагы облустук жана шаардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнө бөлүнүп берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.


Министрликтен белгилешкендей, жаңы техникалар өрткө каршы атайын заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдылган. Алардын ар биринде сыйымдуулугу алты тонналык цистерна, өрттү өчүрүүчү көбүк-суюктук толтуруучу жана ар түрдүү кубаттуулуктагы насостор орнотулган. Өрт өчүрүүчү унаалар зарыл болгон куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү атайын бардык куткаруу куралдары менен жабдылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн