Теке 18, 2025
Убакыт: 20:33
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Өзгөн райондук салык башкармалыгынын башчысы кармалды

18.07.2025 16:12
18
Өзгөн райондук салык башкармалыгынын башчысы кармалды


Өзгөн райондук салык башкармалыгын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында "С.Л." ЖЧКсына карата салык көзөмөлүн жүргүзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы О.К.3 кармалды.


Тактап айтканда, 2023-жылы райондук салык органынын кызмат адамдары "С.Л." ЖЧКнын ишмердүүлүгүн жеринде пландан тышкаркы текшерүү учурунда салык төлөөдөн качуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бирок мекеме кызматкерлери аталган субъект менен кылмыштуу бүтүмгө келишкени такталган. Тагыраагы, салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан.


Ошентип, салык органынын кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.


Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы О.К.3. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн