Өзгөн районуна башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы аким болгон. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Ош шаарындагы эл менен жолугушуусунда айтылды.
“Мен Өзгөн районунан келдим, Өзгөн менен Советтин (ред: Кара-Кулжа району) акими тааныштар аркылуу эле алмаштырылды. Өзгөн районунда Зулушевдин өкүл баласы аким болду. Ушуга көз кырыңды салып койсоң”, - деди суроо бергендерди бири.
Белгилей кетсек, 21-октябрда Өзгөн районунун акими болуп Руслан Мейматкулов дайындалган.
Пикирлер (1)