Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзгөндө 1,5 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

01.03.2024 09:59
410
Өзгөндө 1,5 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген


Өзгөндө "Кадастр" соттун жасалма чечиминин негизинде 1,5 га жер тилкесин менчиктештирип бергендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Дөң-Булак айыл аймагынын Пайзабад участкасында жайгашкан 1,5 га жер тилкеси токой жана жайыт категорияларында экендигин жана жеке менчикке берилбестигине карабастан, Өзгөн райондук сотунун жасалма чечиминин негизинде М.С. аттуу жаранга мыйзамсыз мамлекеттик акт жасап беришкендиги аныкталды.

Бул кылмыштуу аракеттердин жыйынтыгында мамлекеттин кызыкчылыгына 14 млн 400 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтердин жасалмасын жасоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Өзгөн РИИБге тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн