Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 13:21
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

Өзгөндө митингге чыккандар Кемпир-Абад боюнча президент баш болгон саясатчылардын келишин талап кылды

23.04.2021 14:54
1352
Өзгөндө митингге чыккандар Кемпир-Абад боюнча президент баш болгон саясатчылардын келишин талап кылды


Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор митинг өткөрүшүүдө.


Анда митингчилер Кемпир-Абад суу сактагычына президент Садыр Жапаровдун, саясатчылар Адахан Мадумаров, Жеңиш Молдокматов, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын келишин талап кылышты.


"Президент бизден добуш алып шайланган. Ошондуктан Кемпир-Абадга Садыр Жапаровдун дагы келишин талап кылабыз. Келсин. 28-апрель күнү митинг уланат", - деди митингдин алып баруучусу.


Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маиза
Кыргыздын канча жерлерин, жон эле берип салдылар го, эми жерди, алмашуу жолу менен чечсе жаманбы? Тушунсонор боло, же калп эле саясат кылып жатасынарбы?