Бүгүн Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын ачылышы болду.
ҮДТнын курулушу 2020-жылы айыл өкмөтү Эржигит Пасановдун демилгеси менен, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун колдоосунун негизинде башталган.
Медициналык борбор "Human Appeal international" кайрымдуулук фонду тарабынан бүткөрүлүп тапшырылды. Заманбап имарат акыркы үлгүдөгү медициналык аппараттар менен жабдылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн