Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзгөндө жер титирөөдөн жабыркаган мектептин ордуна жаңысы курулду

13.08.2020 19:17
1052
Өзгөндө жер титирөөдөн жабыркаган мектептин ордуна жаңысы курулду

 

Ош облусунун Өзгөн шаарында заманбап мектеп курулду. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, А. Навои атындагы №6 орто мектепке барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2008-жылдын январь айында болгон жер титирөөнүн натыйжасында мектептин имараты 4-даражадагы зыянга учураган. Бирок башка имарат жок болгондуктан, окуучулар авариялык абалдагы имаратта окуусун улантууга аргасыз болушкан.


Азыркы учурда курулуш иштери аяктап, сыртын жакшыртуу жана класстарды жасалгалоо иштери жүрүп жатат.


Мектептин директору Яшнаржан Бачилов 525 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилгенде окуучулар менен мугалимдердин көптөн берки көйгөйү чечилерин белгилеген.


Мамлекет башчысы белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу республикалык бюджеттин пландалбаган чыгымдарына карабастан, биринчи кезектеги милдеттерди, айрыкча, авариялык мектептерди жана аймактардагы кароосуз калган ооруканалардын имараттарын оңдоп-түзөөгө каражаттар токтотулбайт.


Сооронбай Жээнбеков балдарды колдоо боюнча саясаттын алкагында окуучулардын билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл буруларын баса белгилеген.


Жергиликтүү жашоочулар Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришип, Премьер-министр кезинде эле аталган мектептин абалы менен таанышып, айылдыктардын көйгөйүн чечүүгө убада бергенин белгилешти. Жыйынтыгында ушул жылдын күзүндө Өзгөндүн окуучулары эми жаңы мектепке окууга барышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн