Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөндө жол кырсыгы катталып 13 адам жаракат алган, 8инин абалы өтө оор

Өзгөндө жол кырсыгы катталып 13 адам жаракат алган, 8инин абалы өтө оор

Өзгөндө үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 13 адам жабыркады, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.


Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө эки “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаалары жана “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган.


Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам жабыркаган алардын ичинен сегизинин абалы өтө оор абалда, бешөө жеңил жаракат алышкан. Куткаруучулар жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн