Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Өзүбүз булгайбыз дагы, анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Президент Ысык-Көлдү таза сактоого чакырды

02.05.2023 22:33
242
Өзүбүз булгайбыз дагы, анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Президент Ысык-Көлдү таза сактоого чакырды

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, Ысык-Көлдү таза кармоого чакырды.


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Мынчалык кайдыгер болбогулачы. 


Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат. 


Таза болуу өзүбүздөн го акыры. 


Неге мынча кайдыгербиз? 


Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. 


Тазалыкты сактоону суранам. 


«Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза». 


Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр. 


Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы",- деди президент.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн