Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзүн Президенттин Администрациясынын кызматкери катары тааныштырган адам Кумтөргө жумушка орноштуруу үчүн 4 миң доллар талап кылган

28.01.2022 09:22
827
Өзүн Президенттин Администрациясынын кызматкери катары тааныштырган адам Кумтөргө жумушка орноштуруу үчүн 4 миң доллар талап кылган

Ысык-Көлдө алдамчылык жолу менен акча каражатын алып жаткан жеринен шектүү жаран кармалды.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, Майрам аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, январь айынын баш ченинде белгисиз аял, өзүн Президенттин Администрациясынын кызматкери катары тааныштырып, Кумтөр ишканасына орноштурууга жардам көрсөтөрүн айткан.


Андан кийин, маселени туура жагынан чечүү максатында мамлекеттик жогорку кызмат

орундарын ээлеген адамдарга жана ишкананын жетекчилигине 4 миң АКШ долларын берүү үчүн, акча каражатын сураган. Кийинчерээк, ал аялдын Президенттин Администрациясына эч тиешеси жок экенин жана алдоо жолу менен андан акча каражатын өндүрүүнү көздөп жатканын, арыз ээси милиция кызматкерлерине

маалымдады.


Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал ушул эле райондун 37 жаштагы А.М. болуп чыкты. 27-январь күнү, шектүү акча каражатын алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн